2022-жылдын 13-февраль күнү Баткен райондук Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү менен катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын натыйжасында, 2022-жылдын 13-февраль күнү саат 01-00 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айылында автотрассада жайгашкан дүкөндөрүнүн биринде бангизаттарын сатууга аракет кылып жаткандыгы маалым болгон.

Ыкчам иликтөө иш–чаранын жүрүшүндө аталган дүкөндүн айланасынан бангизатын саттууга алып келген жеринен Баткен районунун Ак-Татыр айылынын жашоочусу 1974-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, анын колунан ак түстөгү кытай кабына салынып скотч менен оролгон үч даана оромдордун ичинен таза салмагы 2 кг 846 грамм болгон афган өндүрүшүндөгү «гашиш» (чарс) банги заты табылып алынган.

Ошол эле ыкчам иликтөө жүргүзүнүн жыйынтыгында ошол эле күнү саат 02-00 чамасында жогорудагы кылмыш ишине катышы бар деген дагы бир атуул такталып, ал Баткен районунун Паскы-Арык айылынын жашоочусу 1975-жылы туулган К.А. аттуу жаран болуп чыгып, камакка алынган.

Жогоруда аталган жарандар Баткен райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка атуулдарды тактоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Соттук-медициналык корутундунун негизинде алынган баңгизат “гашиш” экендигин аныкталып жана анын салмагын 2 кг 846 гр өлчөмдү түзгөндүгү дадилдеген.
ИИМдин Басма сөз кызматы