“Т-Медиа” редакциясын “өрттөп кетем” деген жаран изделүүдө

“Т-Медиа” редакциясынын кызматтык телефонуна белгисиз адамдан чалуу болуп,  «редакциянын кеңсесин өрттөп кетем» деп коркутууга алды.

Окуя 19-февралда саат 15:06 чамасында болгону айтылууда. 

Белгисиз адам, телефондон кээ бир кызматкерлердин, директордун аты-жөндөрүн сурап баштаган. Телефонду алган кызматкер ким экендигин, эмне максатта байланышып жаткандыгын сураганда коркутууга алган.

«Офисиңерди өрттөм кетем. Мен силерди билем», — деген ал.

Биздин редакция ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазды. Милиция фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттады. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле редакция медиа юристтер менен да иш алып барууда.