ПЦР-изилдөөнүн терс натыйжасын даярдоо жана таратуу каналы жабылды

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-февралында УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо системасындагы коррупциялык схемаларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган материалдардын алкагында, Жалал-Абад шаарындагы “Medicana Plus” диагностикалык лабораториясынын QR-коддору менен ПЦР-изилдөөнүн терс натыйжасы жөнүндө жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу үчүн туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды.

01 1 ПЦР-изилдөөнүн терс натыйжасын даярдоо жана таратуу каналы жабылды

«Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиякассада иштеген кызмат адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарга жасалма ПЦР-анализдерин сатып жүрүшкөн, ПЦР-тесттинин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгондугу такталды.

Ковид-19 үчүн ПЦР тесттерине муктаж болгондор, ПЦР-тесттеринен өтпөстөн, “Medicana Plus” лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери А.М. аттуу жаранга “Whats app” мессенджери аркылуу жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип тургандыгы аныкталды.

Ушундай эле схема Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында да аныкталган, аталган лабораториянын жергиликтүү филиалынын медайымы З.С. ПЦР-тесттерин жүргүзүп, “Finca Elsom” төлөм системасынын терминалдары аркылуу “Medicana Plus” компаниясынын башкы кеңсесине акча каражаттарын которгон», — деп айтылат маалыматта.

02 1 ПЦР-изилдөөнүн терс натыйжасын даярдоо жана таратуу каналы жабылды

Учурда бул коррупциялык схеманын бардык жагдайларын жана башка дагы катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.