Ошто пахта заводунан өрт чыкты

Ош шаарында пахта заводунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош көчөсүндө жайгашкан заводдун аймагынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:41де Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:45те 1 бөлүм, саат 12:56да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган.

Пахтаны кайра иштетүүчү цехтен чыккан өрт саат 13:02де чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.