«Кыргызстандан келген курсант» дегенди уккан абдан жагымдуу
Кыргызда «Атанын уулу болуш урмат», – деп бекер айтылган эмес. Атасын үлгү кылып, анын жолун жолдоп, изин жаңыртам деген уул ата үчүн сыймык болсо керек. Дал ошондой жигиттерибиздин бири, биздин кезектеги каарманыбыз Россиянын Волгоград шаарындагы Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты Данислан Баракбаевге кеп кезегин берсек.
Атамдын жолун жолдоп…
Милиция тармагына эс тарткандан бери эле жакынмын десем болот. Себеби, атам чек ара кызматкери болуп которулуп кеткенге чейин ички иштер органында эмгектенген. Атам аскер кызматкери болгондуктан, тартип бекем болуп, талаптарды кое билчү. Мен үйдө беш бир туугандын улуусу болгондуктан, атам мени жоопкерчиликтүү болгонго үндөөр эле. Атамды көрүп эле өзүмдү милиция тармагынан көрчүмүн. Мектепти бүтөр жылы Бишкектеги ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясына тапшырам деп документтерди даярдап баштадым. Жалпы республикалык тесттен жогорку упай топтоп, Академияга өткөндөн кийин курсанттар арасында чет мамлекетте окуу боюнча сынак жарыяланды. Сынактан жалпысынан 28 бала өттүк. Кийин бизди бөлгөндө экөөбүздү Россиянын Волгоград шаарындагы ИИМдин Академиясына бөлүштү.
Мекенге болгон сагыныч күч
Албетте жаңы барганда бир аз көнүшө албай жаттык, себеби биз окуган факультетте жалаң сырттан келген курсанттар окуйт, алардын ар биринин мүнөзү эле эмес, түшүнүгү, дини, тили, жашоого деген көз карашы башкача. Ошентсе да, тез эле көнүшүп кеттик себеби, биз Кыргызстандан сынактан өткөндө эле өзүбүздү моралдык жактан даярдап барганбыз. Ошондуктан барганда аябай кыйналдык деп айткандан алысмын. Арийне, аскерлештирилген окуу жай болгондуктан, эң биринчи тартипке деген талап катуу. Бизди мамлекет каржылап окутуп жаткандыктан, жоопкерчиликти эстен чыгарбаш керек. Бардык көңүлдү окууга коюп, жакшы ийгиликтерди жаратканга аракет кылабыз. Башында буга чейин узак убакытка алыска кетпегендиктен, Мекенибизди, ата-энебизди сагынып жүрдүк. Бир жылда эки жолу каникулга чыкканда, Кыргызстанга шашып калабыз. Азыр дагы эс алуудабыз. Буюрса, жакында кайра окууга барып, илимий ишибизди жактап, диплом алып келип калабыз деген ниеттебиз.
Илим жолундагы алгачкы ийгиликтер
Биз окуган Академия СССР учурунда Жогорку тергөөчүлөр мектеби болчу экен. Азыркы биздин негизги адистик багытыбыз юриспруденция болсо дагы, тергөөчүлүк тармагына басым жасалат. Мен өзүм дагы тергөө багытына кызыккандыктан, Академияда уюштурулган сынактарга катышып турам. Жакында эле жалпы Россия боюнча «Эң мыкты илимий эмгек» деген сынакка «Экономика тармагындагы айрым кылмыштарды иликтөөнүн көйгөйлөрү» деген тема менен катышып, экинчи орунду алдым. Андан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата Россиянын Президентинин фонду тарабынан уюштурулган сынакка катышып, сынактын лауреаты болдум. Мен сынакта Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу эссе жазган элем, ошол эссе Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган китепке киргизилди. Ушул сыяктуу сынактарды калтырбай, активдүү болгонго аракет кылабыз. Анткени, ал жерде бир нече улуттун курсанттары катышат. Алардын арасында байгелүү орундарды алып, «Кыргызстандан келген курсант» дегенди уккан абдан жагымдуу.
Жоопкерчиликти азыртан эле сезип баштадым
Академияда окуган төрт жыл ичинде аябай өзгөрдүм, мурдагыга салыштырмалуу токтоо болуп, көз карашым өзгөрдү. Жаңы окууга тапшырып жатканда жарандардын укугун коргоп, резонанстуу кылмыштарды тергесем деп кыялданчумун. Бирок, ошол кезде бул сөздөрдүн маанисин анчейин аңдып биле албаптырмын. Азыр окууну бүтүп саналуу айлардан кийин ушул кыялдарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө жакындап калганымды сезип, толкунданып турам десем болот. Себеби, биз чоң-чоң нерселерди кыялданат экенбиз да, ал эми андай кыялдар үчүн талыкпаган мээнет, терең билим талап кылынаарын төрт жыл ичинде түшүндүм. Ошондуктан, Мекениме кайтып келгенден кийин тергөөчү болуп эмгектенсем деген максатым бар. Быйыл буюрса бүтүп келип, ата-энемдин, өлкөмдүн ишеничин актагым келет.
ИИМдин “Бетме-бет” гезити