Бишкектин абасы парламентте талкууланды

Бүгүн, 21-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 31-мартындагы №4490-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маселени карады.

Жыйында аталган маселе боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Канатбек Садыков баяндама жасады.

Талкуу маалында депутат Султанбай Айжигитов интернеттеги социалдык тармактарда балдардын чачынан жогору концентраттагы радиоактивдүү элементтер табылгандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатканын белгилеп: “Бул маалымат текшерилдиби? Калкты ким коргойт? Жалпы система көңүл бурбастан, кайдигер кароодо”, – деди. Муну менен катар аталган маселеге тиешелүү органдар чара көрүшү керектигин билдирди. Ошону менен Казакстандан келген радиоактивдүү көмүрлөр тууралуу маселени көтөрдү.

Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев “Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү” токтомдун 19 пунктунун төртөө гана аткарылганын белгилеп, калааны жашылдандыруу маселесине токтолду. Өз кезегинде мэриянын өкүлү өткөн жылы 9 миң көчөт тигилгенин маалымдады.

Андан тышкары, депутат Алишер Козуев унаалардан чыккан зыяндуу түтүндөрдөн улам, аба булганын жатканын жүйө келтирнип, сатуу максатында унаалардын катализаторлорун алып жаткандардын жоопкерчилигин кароого чакырды.  

Бир катар депутаттар Бишкек шаарынын ирригация системасын калыбына келтирүү керектигин айтып, көп кабаттуу үйлөрдү курууда экологиялык, санитардык ченемдерди сактоо менен шамалдын багытында эске алуу керектигин кошумчалашты.

Талкуунун соңунда тармактык комитет депутаттардын пикирлерин эске алуу менен аталган маселени кийинки отурумда да кароо чечимине келишти.