- Журналист, жарандык активист, «Фейсбук» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишти. Бул тууралуу анын жубайы билдирди.
Тинтүү учурунда үйдө апасы гана болгон, жубайы болгон эмес. Жакындары азырынча аны кайда алып кетишкенин билбей турганын айтышты.
Расмий органдардан маалыматты тактоо мүмкүн боло элек. УКМКнын басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын билдирди.