
Бүгүн, 18-февралда Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн күч кызматкерлери алып кетишкен.
Ал эми бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымат берип, Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жараны С.Т (Семетей Талас уулу) кармалган. Ал экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жатканы кабарланды.


Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүүдө.
Атайы кызматтан кошумчалагандай, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң ал кое берилет.