Акылбек Жапаров ИИМдин Ыкчам борборунда болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ыкчам башкаруу борборуна барды, – деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

620f604d517da Акылбек Жапаров ИИМдин Ыкчам борборунда болду

Мекеменин иши менен таанышууда ички иштер министри Улан Ниязбеков белгилегендей, Ыкчам башкаруу борборун түзүүнүн негизги максаты кризистик кырдаалдар (кылмыштар, жол-транспорт кырсыктары) пайда болгондо жана аны жоюу учурунда зарыл болгон ыкчам маалыматты кабыл алууну, иштеп чыгууну, эсепке алууну жана талдоону автоматташтыруу болуп саналат.

«Санариптештирүү жөнүндө көп нерсени айтууга болот, бирок бул борбор аталган багытта иш жүргүзүлүп жаткандыгынын далили. Бул олуттуу курал, анткени жарандар өздөрүн коопсуз сезиши абдан маанилүү. Албетте, камералардын санын көбөйтүп, программалык интерфейсти жакшыртуу керек. Ошондой эле контрабандалык жана каттоодон өтпөгөн товарларды алып кирүүгө жана алып чыгууга бөгөт коюу үчүн салык жана чек ара кызматтарынын күч-аракетин бириктирүү зарыл”, – деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча ыкчам башкаруу борбору күнү-түнү иштейт. 400 видеокөзөмөл камерасынын жардамы менен күнүмдүк мониторинг жана кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Акылбек Жапаров ошондой эле патрулдук милициянын техникасын – автоунааларды, портативдик радиостанцияларды жана башка көптөгөн атайын техникалардын үлгүлөрүн көрүп чыкты.

Министрлер кабинетинин төрагасына ошондой эле Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында милициянын участкалык кызматкерлери тарабынан планшеттер жана камералар кызматтык максатта кандай колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

620f6073d6b06 Акылбек Жапаров ИИМдин Ыкчам борборунда болду
620f60656886d Акылбек Жапаров ИИМдин Ыкчам борборунда болду

Андан соң Ички иштер министрлигинин 2021-жыл жыйынтыгы жана 2022-жылга пландары боюнча коллегиялык жыйыны болуп өттү.