Талас ОИИБде “Жол кырсыктары” темасында окутуу сабак өткөрүлдү


15-февраль күнү Талас ОИИБнин жыйын залында “Жол кырсыктары” темасында окутуучу сабак өткөрүлдү. Жыйынга Талас ОИИБнин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча орун басары милициянын полковниги Ниязбеков Равил, КРнын Юстиция Министрлигине караштуу соттук экспертиза кызматынын соттук авто техникалык жана өрт техникалык экспертизалык башкармалыгынын орун басары Кулеков Нурзат, Талас облустук прокуратура органдарынын кызматкерлери, Талас облустук ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү, эксперт криминалисттери катышышты.

Сабактын максаты милиция кызматкерлеринин жол кырсыктарын текшерүүдө, тергөөдө, окуя болгон жерди кароодо тийиштүү эксперизаларды даярдоодо, мыйзамдуу чечим чыгарууда, соттук кароого жөнөтүүдө сапатты жогорулатуу болду. Кулеков Нурзат жол кырсыгы болгон учурда туура чечим чыгаруу үчүн, окуя болгон жерден эске алчу бир катар нерселерди айтып кетти.

Кырсык болгон жерди изилдөө, далил заттарды туура чогултуу жана кандай жагдайларга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Андан тышкары кандай гана кылмыш же кырсык болбосун, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерди кароодо кылдаттык менен ар бир кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткаруусу керектиги жана биринчи кароо иштери кылмыштын бетин ачууда маанилүү экендиги белгиленди.

WhatsApp Image 2022 02 16 at 08.17.41 1 Талас ОИИБде “Жол кырсыктары” темасында окутуу сабак өткөрүлдү

Семинардын жүрүшүндө практикалык сабак дагы болду. Анда эксперт криминалисттерге адам өлтүрүү фактысы катталган учурда окуя болгон жерди изилдөөдө өзгөчөлүктөр белгиленди. Сабакта айтылган маалыматтар практика жүзүндө ишке ашып, жол кырсыктарын ыкчам түрдө текшерүүдө жарандардын милицияга болгон ишенимин арттырат жана сервистик тейлөөгө да өбөлгө түзөт деген жалпы жыйынтыктоочу сөзү менен Ниязбеков Равил семинарды жыйынтыктады.


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы