Улан Ниязбеков жана Ирандын Кыргызстандагы Элчиси эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

ИИМ: Улан Ниязбеков жана Ирандын Кыргызстандагы Элчиси эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты
2022-жылдын 15-февраль күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харази мырза менен жолугушту.

WhatsApp Image 2022 02 15 at 16.22.32 Улан Ниязбеков жана Ирандын Кыргызстандагы Элчиси эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты


“Бүгүнкү күндө азыркы дүйнөдөгү глобалдашуу процесстери адамзаттын прогрессин алдыга жылдыруу менен бирге трансулуттук кылмыштуулуктун өсүшүнө оң таасирин тийгизүүдө. Тилекке каршы, кылмыш дүйнөсү технологиялык прогресстин глобалдык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү колдонуп жатат. Ошондуктан Ички иштер министрлиги үчүн укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндөгү маанилүү милдет кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында натыйжалуу эл аралык кызматташтыкты түзүү болуп саналат.

Афганистанда болуп өткөн окуялардын негизинде терроризм жана экстремизм коркунучу гана актуалдуу болуп калбастан, баңги каражаттарынын жайылуу коркунучу да көбөйүүдө.

Ушуга байланыштуу, учурдан пайдаланып, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелери менен алектенген байланыш бөлүмү же офицери менен түз байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөм. Анткени бул аталган багыттагы маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет”, – деп баса белгиледи ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков.

WhatsApp Image 2022 02 15 at 16.22.32 1 Улан Ниязбеков жана Ирандын Кыргызстандагы Элчиси эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты


Мындан тышкары, жолугушууда Ички иштер министрлиги ар дайым кандай гана маселе болбосун ар дайым талкулоого ачыктыгы жана бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиги белгиленди.
Өз кезегинде Ирандын элчиси Саид Харази мырза Иран тараптын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи.


Ошону менен бирге, Ирандын элчиси кыргыз тараптын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкчылыгын билдирди.

WhatsApp Image 2022 02 15 at 16.22.33 Улан Ниязбеков жана Ирандын Кыргызстандагы Элчиси эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты


Жыйынтыгында, жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин чечүүгө достук жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде бардык негизги багыттар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет деген үмүтүн билдиришти.


ИИМдин Басма сөз кызматы