Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Вулкан плюс» куюу цехинин иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысына “Вулкан плюс” ЖЧКсы түзүлгөндөн бери 11 жыл аралыгында өлкөдөгү тоо-кен ишканалары жана цемент заводдору менен иштешип, тегирмендердин, майдалоочу жабдыктардын, мештерди жана автоунаалардын тетиктерин чыгарып келе жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.
Компания өз продукциясын чыгаруу жана тейлөө үчүн жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу кадрларды топтой алды. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 30 миң тонна. Компаниянын продукциялары Кыргызстандын ичинде да, коңшу мамлекеттердин базарларында да сатылат. Акыркы 5 жылдын ичинде компания өлкөдөгү эң ийгиликтүү 200 компаниянын катарына кирди. 2021-жылга товардык продукциянын көлөмү 727,5 млн сомду түздү.
Мындан тышкары, Президентти аталган ишкананын базасында майдалоочу шарларды жана металл буюмдарын куюу үчүн линияны куруу долбоору менен тааныштырышты.
Ишкананы көрүү учурунда Садыр Жапаров “Вулкан Плюс” ЖЧКсынын тоо-кен таштарын майдалоочу шарларды жана металл буюмдарды куюучу линиясынын курулушу үчүн капсула салды.
Аны ишке киргизүү ишкананын өндүрүмдүүлүгүн жылына 100 миң тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекет башчысы майдалоочу шарларды жана металл буюмдарын өндүрүү тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө жана оор техникаларды өз алдынча чыгарууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Садыр Жапаров өлкөбүздө мындай ишканалардын ачылышы жалпы Кыргызстандын өндүрүшүн, айыл чарбасын, транспортун жана экономикасын өнүктүрүүгө салым кошот деген ишенимин билдирди. Мындай ири ишкананын кеңейиши өнөр жайдын өнүгүшүнө, ички инвесторлорду колдоого оң таасирин тийгизет.
Компаниянын жетекчилиги белгилегендей, бул окуя ата мекендик өнөр жай тармагы үчүн маанилүү жана өлкөнүн металлургия өндүрүшүн өнүктүрүүгө мамлекеттин умтулуусун тастыктайт. Бул линиянын иштеши райондун өндүрүштүк жана социалдык өнүгүшүндө да чоң роль ойнойт.