Президент «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

dos 3820 Президент «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына жүргүнчү ташыган «Белес» автобусун иштеп чыгуу долбоору менен алектенген компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

dos 3503 Президент «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

«Белес.kg» ТС — WMI Code K59 уникалдуу кодун берген «SAE» (АКШ) автоунаа инженерлери тарабынан тастыктама алып, бул өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан.

dos 3574 Президент «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр менен тыгыз байланыш түзүлүп, DAF Components (Нидерланд), ZF Friedrichshafen AG (Германия), НПП ИТЭЛМА (Россия) жана SSAB (Швеция) чет элдик компаниялар менен тетиктерди алууга келишимдер түзүлдү.

dos 3538 Президент «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Белгилей кетүүчү нерсе, нөлдөн баштап, толук кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, ошондуктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.
Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун сыноодогу үлгүсүн чыгаруу аяктады.

dos 3501 Президент «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты
dos 3504 Президент «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жакынкы күндөрү үлгү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн Кыргызстандын сыртына жөнөтүүгө даярдалып, андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда.

dos 3370 Президент «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты