Бишкекке 2 миң автобус сатып алынат

Бишкекке 2 миң автобус сатып алуу үчүн каржы булагы табылды. Бул тууралуу 15-февралда өткөн маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эгер Кыргызстандагы өндүрүшчүлөр жакшы сапаттагы автобус сунуштаса, өкмөт аны сатып алуу жагын карай турганын айтты.

«Биз 2 миң автобус сатып алуу боюнча Бишкек мэрине тапшырма бердик. Каржы булактарын таптык, миң автобусту Беларустан, миңин Казакстандан алууну пландап жатабыз. Эгер биздин өндүрүүчүлөрдүн автобустары талаптарга жооп берсе, сатып алууга даярбыз», — деди Жапаров.