Бүгүн, 14-февралда Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп жатат.
Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына ЖКнын төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана башкабийлик өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, жакындары катышууда.
Молдомуса Конгантиев 12-февралда 64 жаш курагында көз жумду.