Милиция кызматкерлери Түркиянын ИИМ эксперттери менен биргеликте машыгуудан өттү

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 31-январынан 10-февралына чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун базасында милиция кызматкерлерине Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттери тактикалык окуу-машыгууларды өткөрүштү.

WhatsApp Image 2022 02 11 at 08.54.00 1 Милиция кызматкерлери Түркиянын ИИМ эксперттери менен биргеликте машыгуудан өттү


Эки мамлекеттин ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин эки тараптуу макулдашууларынын негизинде массалык башаламандыкты токтотууга, коомдук коопсуздукту, тартипти сактоого багытталган тактикалык иш-чараларды, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын карамагындагы атайын каражаттарды туура жана натыйжалуу колдонууну окуп үйрөтүү боюнча тактикалык окуу-машыгуулар уюштурулду. Аталган окуу-машыгууга ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунан, ички аскерлеринен, күзөт кызматынан, милициянын кайгуул кызматынан, Бишкек шаарынын ИИББден жана Академиядан кызматкерлер катышып, атайын машыгуудан ѳтүшүп, жыйынтыгында аларга тастыктамалар тапшырылды.

WhatsApp Image 2022 02 11 at 08.54.00 Милиция кызматкерлери Түркиянын ИИМ эксперттери менен биргеликте машыгуудан өттү
WhatsApp Image 2022 02 11 at 08.53.59 Милиция кызматкерлери Түркиянын ИИМ эксперттери менен биргеликте машыгуудан өттү
WhatsApp Image 2022 02 11 at 08.53.58 Милиция кызматкерлери Түркиянын ИИМ эксперттери менен биргеликте машыгуудан өттү


Мындай макулдашуунун негизинде ѳткѳрүлүп жаткан машыгуулар ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдына коюлган тапшырманы өз убагында туура, так, кынтыксыз аткаруусунда кѳмѳк болуп, ишмердүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.


Андан сырткары, Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттеринин тактикалык-даярдык тажрыйба алмашуу сабактары ИИМдин Республикалык окуу борбордун баштапкы даярдоо курсунда билим алып жаткан талапкерлерге дагы уюштурулуп, практика жүзүндө кенен маалымат алышты.