Кыргызпатент жана И. Раззаков атындагы КМТУ кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту

Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Келишимге Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев кол койду. 

4L7A9613 Кыргызпатент жана И. Раззаков атындагы КМТУ кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту

Келишимге ылайык, тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсү жана жогорку окуу жайларында инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатында кызматташат. 

4L7A9682 Кыргызпатент жана И. Раззаков атындагы КМТУ кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту

Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаеванын жана мекеменинин эксперттеринин КМТУнун илимий-окутуучулук курамы менен жолугушуусу өткөрүлүп, жаштардын илимий-изилдөөчүлүк потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды. ЖОЖдун кызматкерлери окуу жайын инновациялык багытта өнүктүрүү боюнча долбоорлорун презентациялашты. 

4L7A9535 Кыргызпатент жана И. Раззаков атындагы КМТУ кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту

Соңунда Кыргызпатенттин өкүлдөрү КМТУнун илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен таанышып чыгышты.

4L7A9682 1 Кыргызпатент жана И. Раззаков атындагы КМТУ кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту