ИИМ Катар менен тажрыйба алмашат

ИИМ: Улан Ниязбеков жана Катардын Кыргызстандагы Элчиси Абдулла бин Ахмед аль-Сулайти кызматташуу маселелерин талкуулашты

WhatsApp Image 2022 02 10 at 15.11.29 ИИМ Катар менен тажрыйба алмашат

2022-жылдын 10-февралында ИИМдин имаратында ички иштер министри Улан Ниязбеков Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы Элчиси Абдулла бин Ахмед аль-Сулайти менен жолугушуусу болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 02 10 at 15.11.30 1 ИИМ Катар менен тажрыйба алмашат


Улан Ниязбеков: дүйнөдө инновациялык технологиянын өнүгүүсү адамзатка оң таасирин тийгизүү менен бирге эле тилекке каршы, кылмыш дүйнөсүндө да алдынкы технологияларды колдонуусу өсүүдө. “Ошондуктан, биз да өнүккөн мамлекеттердин укук коргоо органдарынын кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүүдөгү, өзгөчө интернет мейкиндигиндеги кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында, аны менен бирге заманбап техниканы алуу менен бирге колдонууда тажрыйба алмашуулардын үстүнөн иш жүргүзүүгө өзгөчө маани берүүдөбүз.

Катар мамлекетинин полициясы бул багытта чоң ийгиликтерге жетишкендиктен, биздин министрлик алардын алдыңкы тажрыйбаларын окуп-үйрөнүү үчүн өнөктөштүк мамиле түзүү өтө маанилүү экендигин билдирип кетээр элем”, – деп баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, Кыргызстандын аймагындагы Катар Мамлекетинин жарандарынын жана ишкердик мекемелеринин коопсуздукту камсыздоо маселеси талкууланды.

WhatsApp Image 2022 02 10 at 15.11.31 1 ИИМ Катар менен тажрыйба алмашат
WhatsApp Image 2022 02 10 at 15.11.28 ИИМ Катар менен тажрыйба алмашат


ИИМдин жетекчиси мындан ары да кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирип, дайыма ачык жана түз байланыш түзүүгө даярдыгын ишендирди.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.
ИИМдин Басма сөз кызматы