Ураимовдун тарапташтары УКМКнын имаратынын алдында митингге чыгышты

 9-февралда УКМКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар «Бүтүн Кыргызстан» партиянын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышына нааразы болушууда.

Алардын айтымында, анын артында башкалар аккаунт ачып, билдирмелерди тараткан. Тарапташтарынын айтымында, Ураимов Кемпир-Абад боюнча да бийликтин туура эмес кадамдарын тайманбай айтып, жеке пикирлерин айтып келген.

Алардын айтымында, Ураимов мыйзамсыз кармалган, себеби ага коюлуп жаткан айыптар негизсиз болууда.

Эске салсак, кечээ, 8-февралда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов кармалды. УКМК берген маалыматка караганда, Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен камалган. Тагыраагы, «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда.