Курманкул Зулушев маалымат жыйын берип жатат

Бүгүн, 9-февралда Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын куруп жатат. Ал прокуратура органдарынын 2021-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып берүүдө.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2021-жылы жасаган ишинин жыйынтыгын чыгарган.


Анда башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылы Кыргызстанда жалпы 37 784 кылмыш иши катталып, анын ичинен 3800ү оор кылмыштар болгонун айтты. Бул кылмыштуу иштердин 53 пайызынын бети ачылганын кошумчалады.
Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөргө карата болгон 1827 кылмыш иши сотко чейин жеткени белгиленди.

Эскерте кетсек, Зулушев аталган кызматка 2020-жылдын октябрында дайындалган.