
Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жетекчилиги алдында кеңейтилген коллегиянын отуруму болуп өттү.
Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жыйындын күн тартибинде прокуратура органдарынын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, ушул жылга карата аткарылчу иш-аракеттер жана башка маселелер талкууланды.
«Облустук, райондук прокурорлордун ишин орун басарларым, өзүм дагы айтпай-дебей барып текшеребиз, соттук процесстерге катышабыз. Бизнесмендерден арыз түшсө алардын укугун коргоңуздар. Керектүү кагаздарын алып берип бизнеске шарт түзүңүздөр», — деди Зулушев