Эки округ боюнча талапкерлердин чүчү-кулак тартуусу өтүп жатат

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясында эки округ боюнча талапкерлердин чүчү-кулак тартуусу өтүп жатат.

Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Сверлов райондук бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 53 талапкер катталды.

Жалпы 72 кишиден арыз келип түшкөн. Алардын 58и эркек, 14ү аял. 14 талапкер катталуу тууралуу арызын кайра алды. Беш талапкердин документтери толук болбогондон улам каттоодон четтетилди. Биринчи май райондук №27 шайлоо округунан 27, Свердлов райондук №29 округдан 26 талапкер катталды.

Белгилей кетсек, аталган эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

WhatsApp Image 2022 02 08 at 12.57.48 Эки округ боюнча талапкерлердин чүчү-кулак тартуусу өтүп жатат
WhatsApp Image 2022 02 08 at 12.57.49 Эки округ боюнча талапкерлердин чүчү-кулак тартуусу өтүп жатат
WhatsApp Image 2022 02 08 at 12.57.49 1 Эки округ боюнча талапкерлердин чүчү-кулак тартуусу өтүп жатат