
Кыргызстанда 7-февралга карата коронавирус 83 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Республика боюнча жаңы табылган учурлар:
- Бишкек шаарында – 63;
- Ош шаарында – 1;
- Чүй облусунда – 6;
- Талас облусунда – 1;
- Нарын облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 9;
- Жалал-Абад облусунда – 2.
Акыркы суткада 380 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 819 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 161 адам дарыланууда.