УКМК: Мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз баңгизат алып өтүү каналына бөгөт коюлду
КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, КР УКМК ЧКБ кызматкерлери менен бирдикте мыйзамсыз баңги затын жүгүртүү каналына бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 03-февралында КР жарандары “К.К.М.” жана “А.М.А.” Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен чектешкен Кара-Буура районундагы «Аманбаев» тилкесинде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз түрдө баңги затын алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринде кармалышкан. Кармалгандардын бири “К.К.М.” мурда баңги затын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы такталды.
Текшерүү учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан жалпы салмагы 12 кг жакын 3 даана өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттары бар (культивацияланган индиялык кара куурай) желим баштык табылган.
Бул факты КР Кымлыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштардын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат системасына катталып, анын алкагында баңгизаттардын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.