Кыргызстандын сегментинин социалдык тармактарында, адамдын өлүмүнө алып келген кылмыштын бетин ачууга Ысык-Көлдүн милициясы чара көрбөй жаткандыгы боюнча маалымат таркалууда.
Аталган маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган маалыматтын жайылышына, ошондой эле коомчулуктун милицияга карата туура эмес пикирин жаратууга жол бербөө максатында, Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы төмөндөгүлөрдү маалымдайт:
Ысык-Көл райондук прокуратурасына Темировка айылынын 51 жаштагы аял тургуну кайрылып, 20-январдан 21-январга караган түнү, анын 30 жаштагы уулу Д.М. менен 61 жаштагы бир тууганы Ж.А.нын ортосунда уруш чыгып кеткендигин, эртеси агасынын жансыз денеси алардын үйүндө табылганын билдирген.
Ошондой эле, бул факты боюнча райондун укук коргоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарына билдирбестен, элдерге агасы ковидтен каза болгонун билдиришип, жерге беришкенин кошумчалаган.
1-февраль күнү, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
2-февраль күнү, райондук сотунун токтомунун негизинде эксгумация жүргүзүлүп, комиссиялык соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.
Ошол эле күнү, Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүү Д.Мны. Бишкек шаарына чыгуу менен кармашып, райондук прокуратуранын тергөөсүнө өткөрүп беришкен.
Учурда, кылмыш иши Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан тергөөлүдө.