Камчыбек Ташиев: Протокол боюнча иштейбиз

Кыргыз-Тажик чек арасындагы 27-январдагы куралдуу жаңжалдан кийин 29-январда эки тараптуу сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы болду.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, Ворухка карай курулуучу жолдун макамын мамлекеттик келишим менен аныктоо №39 протоколдо жазылган. Макамды аныктоо иштери өкмөттөр аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

«Негизинен делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу, 27-январдагы куралдуу жаңжалдын себебин иликтөө тууралуу сөз болду. Өкмөттөр аралык комиссиянын иши Ворухка жол куруу маселесине келгенде токтоп калган болчу.

Эми кайра ошол жерден уланат. Эгер комиссия кайра дагы бир пикирге келе албай, талаштуу суроолор жаралчу болсо, тажик УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов экөөбүз кайра жолугушуп, талкууламак болдук. Бүгүнкү сүйлөшүүдө биз чек арадагы куралдуу жаңжалдар чек ара толугу менен чечилмейинче токтобой турганына толук ынандык. Чечимдерди кабыл алууда эки мамлекеттин элинин кызыкчылыгына ылайык иш болот деп сүйлөштүк.

Ворухка кеткен  жол бүгүнкү күндө Аксай айылынын арасы менен өтөт, андан кийин Бакай конушу тарабынан өтө турган жол салынган да мурда. Бирок ал жак дагы адамдарга үй салып берип, азыркы учурда керектүү болбой калды.

 Ошондуктан баары бир ал жерде 40 миң адам жашаган соң аларга биз кайсы бир деңгээлде жолду бергенге милдеттүү болобуз. Жана ошол Ворухка кире турган жолдун статусун мамлекеттик макам менен, мамлекеттик келишим менен аныктоо боюнча 39-протоколдо жазылган. Ошондуктан тез аранын ичинде ошол жолдун макамы, ал жол кимдики болот, ким курат мына ушунун баардыгын мамлекеттик келишимдин негизинде аныкталат. Ушул боюнча мамлекеттик комиссия да иштейт, мен ойлойм биз муну тез арада чечишибиз керек. Айрыкча бул жерде ТИМдин жумушу өтө зор болот. Ошол жолдун макамы аныкталгандан кийин жолду салуу маселеси каралат», — деди Ташиев.

Ал эми Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек арасын аныктоодо мурда кол коюлган документтердин негизинде иш алып баруу маанилүү экенин айтты.

“Биз бардык маселелерди талкууладык. Паритеттик комиссиялардын эбегейсиз зор ишинин натыйжасында тарыхый мааниде кол коюлган фундаменталдуу документтерди эстен чыгарбоо керек деп макулдаштык.

Протоколдордогу талаптар каралып, так аткарылышы керек деген пикирге келдик. Тактап айтканда, кеп 2021-жылдын 1-майындагы №39 протокол жөнүндө болуп жатат. Башка протоколдор сыяктуу эле бул абдан маанилүү документ.

8 күндөн кийин бул протоколду ишке ашыра баштайбыз деп макулдаштык. Биз бул протоколдун кол коюлган пункттары боюнча гана иштейбиз. Топографиялык-укуктук иштер боюнча комиссиялар ишин баштайт. Бул иш мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо көйгөйүнө байланышкан бардык маселелерди чечүү максатында тынымсыз жүргүзүлмөкчү”, — деди Ятимов.