Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды, – Ташиев

“Достук” заставасында тажик тарап менен сүйлөшүү жүргөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн тең УКМК төрагалары, күч түзүмдөрүнүн, облус башчаларынын жетекчилеринин катышуусунда сүйлөшүү болду.

-Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Биринчиден, кечээги болуп өткөн окуяларды иликтөө үчүн бирге комиссия түзүп, окуянын келип чыгуу себебин аныктоо, – деди Ташиев.

“Экинчиден, көчүрүлгөн жарандарды үйлөрүнө кайтаруу боюнча ӨКМге тапшырма берилди. Кечкиге чейин адамдар өз үйлөрүндө болуп калышы керек.

Үчүнчүдөн, эки өлкөнүн күч түзүмдөрү жергиликтүү тургундарды тынчтыкка алып келүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Негизгиси күч түзүмдөрдү өз бөлүктөрүнө кайтаруу”, — деп билдирди УКМК төрагасы.