28-январда саат 08: 00гө карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 11 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген.
«Жабыркаган жарандардын абалы орто оор»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган.
Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Тажик тарап миномёт, гранатомёт колдонгону кабарланды.