Камчыбек Ташиев Баткенде

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусуна барды.

tashiev 1024x596 1 Камчыбек Ташиев Баткенде

Ал журналисттерге кыскача маалымат берип, чырдын келип чыгуу себептерин тактоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтып, бүгүн ыкчам кеңешме өткөрүлө турганын айтты.

Чек ара кызматынан билдиришкендей Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.