Клара Сооронкулова: С.Жапаров демократиялык мамлекеттин башчысымын десе, Темировго кол салгандарды жоопко тартсын

Эгемендүү Кыргызстанда журналисттердин ролу кандай жана мамлекет журналисттерди кол салуудан, кысымдан коргошу керекпи? Болот Темировго болгон басым тууралуу оюңуз кандай? BULAK.KG сайтынын бул суроосуна саясатчы Клара Сооронкулова жооп берди.

“Мамлекет тарабынан мындай кол салуулар болбош керек. Эгер биз чындыгында демократиялык, укуктук мамлекетпиз дей турган болсок, тескерисинче журналисттердин ишмердүүлүгүнө жана көз карандысыз болуусуна толук шарт түзүп, укугун коргоп беришибиз керек.

Коррупцияга малынган мамлекетке журналисттердин айтып жаткан чындыгы жага бербейт. Ошол себептен карама-каршылык пайда болуп, укук коргоо органдары колундагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, журналисттерди куугунтукка алып жатышат.

Болот Темировдун окуясында жарандык коом өзүнүн активдүүлүгүн көрсөттү. Ал эми Садыр Жапаров укуктук, демократиялык мамлекеттин башчысымын дей турган болсо, журналисттерге кол салган адамдарды жоопко тартып жазалашы керек. Ошондо гана Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана анын келечеги корголот деп айтсак болот. Болот Темировдун тегерегиндеги болгон окуя жалгыз эле журналисттерге эмес, коомдогу адамдарга да коркунучту туудуруп жатат.

Журналисттердин укугу бузулганын көрүп өзүмдүн укугумдун да бузулуп жатканын көрүүдөмүн. Баш мыйзам жана эл аралык стандарттар боюнча оюмду эркин айтканга жана объективдүү толук маалыматты алууга укугум бар. Андай маалыматтарды сөссүз көз карандысыз журналисттердин ишмердүүлүгүнүн артынан алам. Демек, менин маалыматка болгон укугумдун чектелиши болуп жатат. Ошол себептен өлкөдөгү ар бир жаран журналистке болгон кысымды дал ушундай кабыл алыш керек деп эсептейм.

Мындай көрүнүштөр Кыргызстандагы демократиялык процесстерге чоң зыянын тийгизүүдө. Анткени биздин 30 жылдан берки эң негизги жетишкендигибиз биздин сөз эркиндигибиз да. Постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда чындап эле сөз эркиндиги бар. Мындай жетишкендик журналисттердин өздөрүнүн аракетинин натыйжасында келди десек болот. Убагындагы Геннадий Павлюктун өлтүрүлгөнүн да билесиздер. Мындай чоң коркунучтарга карабастан, журналисттер бүгүнкү күндө демократиялык процесстерде өз ордун көрсөтүп келишет”,-дейт Сооронкулова.

YouTube video