Казакстанда болгон тополоңдордун башталышына суюлтулган газдын баасынын көтөрүлүшү себеп болгон. Кыргызстанда элдин нааразычылыгын, толкундоосун жарата турган себептер жокпу? BULAK.KG сайтынын бул суроосуна «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Исхак Масалиев жооп берди.
«Элдик көтөрүлүштүн чыгып кетиши оңой эле, турмуш оңолбой тамак-аштын баасы кымбаттап кете бере турган болсо толкундоолорго себеп болуп кетиши мүмкүн. Казакстанда эмгектенген биздин жарандарыбызды эртеңки күнү бул жакка айдаса, бир топ кыйынчылыктарды жаратат.
Саясатты четке калтырып, көбүрөөк экономикалык абалды көтөрүүнү көздөбөсөк, элдин нааразычылыгын жараткан жагдайлар күн санап өсө берет. Өткөн жылы өкмөт жаңы жылдан баштап энерготарифтерди көтөрөбүз деп айткан. Бирок мага белгилүү болгондой ал маселени азыр карашпайт экен, бул туура чечим деп ойлойм. Анткени ал тарифтерди көтөрө турган болсо дагы бир себеп жаралмак.
Саясий тирешүүлөрдүн арты да кооптуу болушу мүмкүн. Өлкө башчы соттун чечими чыга электе саясий атаандаштарын кылмышкер деп атаганы туура эмес, анын сөздөрү элди экиге бөлгөнгө барабар болот.
Алдыда жаз мезгили келатат, жаздын күнү суунун жетишсиздиги пайда болсо, тополоңго алып келиши мүмкүн. Орто-Токой суу сактагычынан биз башка мамлекетке да суу бергенге милдетибиз бар, андай учурда өзүбүзгө жетпей калышы мүмкүн. Анын үстүнө быйыл кышта бардыгыбыз көрүп тургандай кар такыр жааган жок, кургакчылык болуп калышы мүмкүн.
Кооптонууну жараткан себептер толгон-токой, тарифтерден баштап элдин жашоо-турмушуна чейин. Айлыкты көтөрүп, жумуш орундарын түзүп, аракеттерди кылуу керек. Даартаканаларга кызыл лента кескендин ордуна, заводдорго лента кессек элдин кыжырына тийген себептер азаймак.
Эске салсам, 2010-жылы убактылуу өкмөткө келген күчтөр «Beeline» компаниясы тарифтерди көтөрдү деп тополоң чыгарышкан. Бирок кызыгы бийликке келгенден кийин ал тарифтер жөнүндө унутуп калышкан.
Ошондуктан, менимче биринчи кезекте саясатты жыйыштырып экономиканын абалына карашыбыз зарыл. Бизде министрлер кабинетинен баштап президентке чейин бардыгыбыз саясатка кирип кеттик. Коомчулук түшүнбөгөн маселелер да толуп кетти, 470 миң калк жашаган Ысык-Көл облусуна 500 миң адамды көчүрүп барабыз деген нерсе өтө опурталдуу маселе. Бул “Асман” долбооруна издөөдө жүргөн адамды алып келип отургузганы, ал келе калып эле ишти кытайлыктарга бериш керек дегени шек жаратат. Бул долбоордун аягы да чыр менен аякташы ыктымал”, – деп Исхак Масалиев өз пикирин айтты.