
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп Марат Өскөмбаев дайындалды.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка 19-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн министрдин орун басарын жалпы жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев тааныштырды.