Жумгал районунун тургуну үйүнүн короосунда муунуп алды

Жумгал районунун тургуну үйүнүн короосунда муунуп калган. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жумгал РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө ушул жылдын 14-январында түшкө маал 1996-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши өзүнүн үйүнүн мал короосунан муунуп алган деген билдирүү келип түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу барып, маркумду сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонулган белгилер байкалган эмес жана жакын туугандары эч кимге эч кандай арыз дооматы жок экендигин айтышкан.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.