Жол фонду түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Аталган чечим транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу, натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “КРнын Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Президенттин администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, төмөнкүлөрдү түзүү чечими кабыл алынды:

  • КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду;
  • Бир катар мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди кошуу жолу менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы.

Буга катар төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын уставы;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын уставы;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүш-инновация борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жобо;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын уставы.

Ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы жол-курулушу тармагындагы бир катар ишканалардын укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленген.