Мелис Абдибаитов ӨКМ министринин жардамчысы болуп дайындалды

Мелис Абдибаитов Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Абдибаитов Мелис 1992-жылдын 4-августтунда Баткен областынын Баткен районуна караштуу Чоң-Талаа айылында туулган.

Билими:

●1999-2010 -ж.ж. Баткен районунун Чоң-Талаа орто мектебин аяктаган.

● 2007-2009-ж.ж. Ош шаарындагы У. Салиева атындагы №28 мектеп лицей — интернатында билим алган.
● 2012-2017-ж.ж.Кыргыз Түрк Манас университетинин коммуникация факултетинин “Радио, Теле жана Киноискусство” бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:
● 2013-ж. — КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясында оператор-монтажер;
● 2013-2016-ж.ж. — “Со” Медиакомпаниясында долбоор менеджери;
● 2016-2018-ж.ж. — “БизЭксперт” аналитикалык борборунда медиа-специалист;
● 2018-2021-ж.ж. — “IMAGO media” медиясында арт-директор;
● 2021-ж. — “Манас” эл аралык аэропортунда бренд-менеджер;
● 2022-жылдын 17-январынан тарта КР Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы болуп дайындалды.

Кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.