Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев санариптик өнүктүрүү министри кызмат ордуна сунушталып жаткан Талантбек Имановго “УКМКдан кылмыш иши козголуп, кыскартылыптыр. Бир ай абакта жаткан экенсиз. Кайсы иш боюнча эле?” деп суроо берди.
Талантбек Иманов “Мен жаткан эмесмин. Кай жакта жазылып турат? Муну билбейт экем”, – деп жооп берди Иманов.
Буга улай эле депутат Улукбек Ормонов да соттолгону боюнча тактоо ирээтинде Өкмөт ошол иштер бар экенин билеби деген суроосун узатты.
Буга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов “учурда Кыргызстанда камалбаган кишилер калган жогун айтып, бир айга камалып чыкканы айтылууда. Соттолсо да эмне болот экен? Өлкөдө президенттен баштап соттолбогон саясатчы жок” деди.
“Бул киши президент тарабынан сунушталып жатат, ошондуктан баары президенттин моюнунда. Ыйык Жогорку Кеңешке сунушуп киргизип жаткандан кийин, текшерүүдөн өткөн. Ошондуктан анын талапкерлигин колдоп коюууну чын жүрөктөн суранабыз, – деди Эдиль Байсалов.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.