Чек арадан жылкы өткөрүүгө аракет кылышкан

Баткен ОИИБи: Чек арадан жылкы өткөрүүгө аракет кылышкан

WhatsApp Image 2022 01 19 at 09.52.53 1 Чек арадан жылкы өткөрүүгө аракет кылышкан


Кадамжай РИИБнин Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 18-январь күнү Пульгон айылы менен чектешкен Өзбекстан Республикасынын Фергана районунун Кара-Жантак айылы менен чектешкен чек аранын алдында “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү эки унаада 4 (төрт) баш жылкыны аткезчилик жолу менен Өзбекстан Республикасына өткөрүшүп жатканда колго түшүрүшкөн.

WhatsApp Image 2022 01 19 at 09.52.52 Чек арадан жылкы өткөрүүгө аракет кылышкан


Бул маалымат Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.


Кармалган жылкылар жана автоунаалар Кадамжай РИИБнин тергөөсүнө өткөрүлүп берилген.

WhatsApp Image 2022 01 19 at 09.52.53 Чек арадан жылкы өткөрүүгө аракет кылышкан
,чек ара

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы