Бул тууралуу «АКИpress» агенттиги Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдиргенин жазды.
Буга чейин Айгүл Сартбаева социалдык тармактагы баракчасында Сыдыков Алматыдагы баш аламандыктан кийин кармалганын жазган.
Башкы консул белгилегендей, Сыдыковдун 2 буту, кабыргасы сынган. Азырынча канча кабыргасы сынганы белгисиз.
Аны 9-январга караган түнү Алматы—Бишкек жолунда кармашкан. Андан соң сабап, ооруканага жеткиришкен. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу Сыдыковду бүгүн, 19-январда Алатау районундагы ооруканадан тапкан.
«Аны алгач аскерлер кармап, андан соң полиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Андан соң сабап, 2 бутун, кабыргасын сындырышкан.
Ооруканага жеткиргенден кийин эч кандай маалымат беришкен эмес. Эртең аны Кыргызстанга жеткирүү ишин уюштурабыз. Ал операцияга муктаж. Аны Кыргызстандан тосуп алып, дароо ооруканага алып барыш керек», — деди Арипов.