
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайрадан Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кайрадан суракка чакыртылган. Андан сырткары ушул эле маселе боюнча суракка депутат Исхак Масалиев да чакырылганы кошумчаланды.
Эске салсак, Мадумаров 17-январда жана 14-январда дагы дал ушул маселе боюнча сурак берген.
Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» билдирген