Бишкектин эки мектеби карантинге жабылганын шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Маалыматка ылайык, №6 жана №60 орто мектептер бүгүнтөн тарта иштебейт. №88 мектеп боюнча чечимди жакын арада борбор шаардын мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борбору чыгараарын белгиледи.
Ошондой эле 7 мектеп жана 1 бала бакча онлайн иштөөгө өттү.
«Ата-энелер муну эпидемия деп сары-санаа болбой эле коюшсун. Бирок, алгоритмге ылайык, эгер эки-үч окучууда оору жугузуп алуу фактылары аныкталса, мектепти жабууга туура келет», — деди Мозгачева.
Эскерте кетсек, 1-январдан 12-январга чейин жогорку окуу жайларда 33 адам коронавирус жуктуруп, анын 23ү студент, калганы мугалим.