Москва районундагы орто мектептердин биринин спорт залы тонолду. Шектүүлөрдүн арасында өспүрүмдөр да бар, деп билдирди Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, спорт залдын тонолгондугу боюнча Б.Д. аттуу жаран милицияга кайрылып, 6-январдан 7-январга караган түнү мектептин спорт залынын эшигин талкалап, спорттук инвентарларды, музыкалык аппараттарды, жылыткычтарды жана башка буюмдарды белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.
Аталган факты боюнча Москва районунун ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ылайык иш козгоп, сотко чейинки териштирүү башталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 16 жаштагы 2 жаран, 19 жаштагы эки жаран кармалды.