“Вечерний Бишкек” гезитине президент кенен маек берди.
— Былтыркы Октябрь окуялары боюнча жоопко тартылып жаткан Курсан Асанов, Жеңиш Молдокматов жана башкалардын тарапташтары ушундай талаптарды коюп жатышат. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров деле жоопко тартылышсын деп?
— Биз кылмыш кылып кайсы мекемени басып алдык эле? Асановго окшоп ИИМди бир жума, башкаларына окшоп башка мекемелерди он күндөп басып олтурган эмеспиз. Тескерисинче, «өлкө боюнча басып алган мекемелерди бошоткула, башчысы качып кеткен болсо, орун басарлары иш алып барып турсун, мамлекеттин иши бир мүнөт дагы токтобосун» деп кайрылып жаттык го. Бир айнек сындыртпастан, бир дүкөндү тонотпостон — баарын аман-эсен сактап калдык. Бизди угуп, ошол күндөрү тартип сактап берген ар бир жараныбызга учурдан пайдаланып миң мертебе ыраазычылык билдирем.
Биз баарын укуктук талаадан чыкпай жасадык. Биринчи кезекте мыйзамдардын негизинде парламент аркылуу Премьер-министр болуп шайландым. Андан кийин Президенттин милдетин аткаруучу болдум. Ошентип баарын мыйзам чегинде тынчтык жолу менен түздөп кеттик. Эгер чогулган элдин койгон талабын аткарып, Ак үйгө барып олтуруп алып, чечимдерди кабыл ала баштаганымда, анда мен Убактылуу өкмөттүн катасын кайталамакмын. Дүйнөлүк коомчулуктун мени кабыл алуусу узакка созулуп кетмек.
Ошол күндөрү чогулган эл мага катуу талап койду. Азыр эле президенттин креслосуна олтургузабыз деп президенттин кабинетине алып киришти. Дароо чечимдерди кабыл ала башта дешти. Мен макул болгон жокмун. Мыйзамдуу жолдор менен кетели деп элди араң көндүрдүм. Ошентип, биз бир да мекемени басып алган жокпуз.
Ал эми 9-октябрь боюнча айтсам. Атамбаев баштаган топ ачык эле башаламандык кылабыз деп аянтка келишпеди беле. Сот, прокурорлоду террордук жол менен коркутуп, сабап кеткендер да болду. Алардын баарынын пландары, сүйлөшкөн сөздөрү — аудиоматериалдары тергөөдө сакталып турат. Ошол үчүн баары жоопко тартылып жатышат.