Александр Градскийдин аялы Марина Коташенкого 3 куралчан кол салып, 100 миллион рубль уурдашты

Орусиянын эл артисти, ырчы жана композитор Александр Градскийдин аялы Марина Коташенкого 3 куралчан кол салып, андан 100 миллион рубль уурдап кетишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, окуя Наро-Фоминск трассасында болгон. Үч жаран Маринанын унаасынын артынан келип атайын сүзүшкөн. Ал унаасын токтоткондо куралчан кылмышкерлер анын унаасына отурушуп, үйүнө кайтып, болгон накталай байлыктарын берүүнү талап кылышкан.

Коташенко өзү билдиргендей, кол салуу жекшемби күнү, 16-январда саат 12:00 чамасында болгон. Бирок ал укук коргоо органдарына 7 сааттан кийин кайрылган.

Декабрдын башында музыкант Александр Градскийдин мурдагы жубайы Ольга Градская, күйөөсү калтырып кеткен мурастары үчүн адвокаттарды жалдаган. Анда ал композитор «уникалдуу жеке архив калтырганын, анын тагдыры анын өнөктөштөрүн абдан тынчсыздандырганын» белгилеген.

Эске сала кетсек, Градский 28-ноябрда оорудан улам Москва шаарында каза болгон.