12-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар парламенттин түзүмүн жактырды. Жыйында айтылгандай, Жогорку Кеңештин төрагасынын үч жардамчысы болот.
Жалпы жыйында 72 депутат “макул”, экөө “каршы” добушун берди.
Сегиз комитет түзүлдү:
- Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети;
- Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитети;
- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети;
- Финансы-экономикалык саясат комитети;
- Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитети;
- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети;
- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети;
- Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитети.