“Омикрон” штаммынын эки учуру Кыргызстанда катталды

Кыргызстанда коронавирустун омикрон штамы катталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды.