Алматыда миллиардерди террорчу катары кабыл алышкан

Россиялык миллиардерди, «Технониколь» биргелешкен компаниянын ээси Игорь Рыбаковду Алматыда террорист кылып салышкан. Бул тууралуу казак басылмасы  Tengrinews жазды

Маалым болгондой, 5-январда Алматы шаарында комендаттык саат киргизилген.

Жеке ишкер шаардан эч жакка чыга албай, интернетсиз калган.

«Кечээ мени террорист кылып салышты. Чын эле мен террорчуга окшошмунбу?Менде тастыктоочу тасма бар, бирок, тилекке каршы мен аны интернетке киргизе албай жатам. Учурда интернет иштебейт. Азыр интернетти бир саатка беришти, бирок калган убактарда интернет жок», — деди ишкер.

755399406364952 Алматыда миллиардерди террорчу катары кабыл алышкан

«Мен Казахстандан чыгуу жолдорун издеп жатам. Менин оюмча Алматыдан кооптуу жерге чыксам, учак менен учам. Бирок, андай жагдай боло элек. ММКларда берилип жаткан материалдар бир жактуу болуп жатат. Буюрса, бул жактан чыксам, масштабдуу видео кылып баарын ачык айтам», — дейт Игорь Рыбаков.

Миллиардер Казакстанга 3-январда келген. Ал кышкы каникулга эс алганы келген. Ал эми 10 -январда кайра мекенине учмак. Ошондой эле, Казахстанда анын китебинин ачылыш аземи жана бизнес-форуму уюштурулмак. Кырдаалга байланыштуу бул иш чаралар жылдырылды.

Азыркы учурда Рыбаков аскер учагы менен Россияга барганы айтылды жана ал баардык маалыматтарды YouTube-каналына киргизет. Ишкер Кок-Тобе телемунарасына кандай чабуул жасалганы жана башка кызыктуу фактылары бар экенин билдирди.