«Балыкчы» акционердик коомунун эмгек жамааты өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты

Бүгүн, 10-январда Чүй балык чарбасынын базасында ационердик коом болуп кайра уюштурулган «Балыкчы» акционердик коомунун эмгек жамааты өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

Чогулгандар «Балыкчы» АККсын убагында 4 жыл башкарган Догдурбек Догочиевге чара көрүү талабын коюп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

«Догдурбек Догочиев 1989-1994 жылдары «Балыкчы» АККсына жетекчи болгон. Ал мыйзамсыз алган акциялар чарбанын мурдагы иштөөчүлөрүнө сот аркылуу мыйзамдуу кайрылып берилгенден кийин дагы ар кайсы шылтоолор менен ишкананы ээлерине бербей, тартып алганы жатат. Жалпы 27 акционер бар. Догачиев убагында ишканада 20 жылдан ашык иштеген кызматкерлерди жумуштан кетирип, алардын ордуна туугандарын отургузган. Ошондой эле анын жогорку кызматтарда калкалоочулары бар экени маалым. Бүгүн эски аянтка президент Садыр Жапаров элдин көйгөйүн уксун деп келдик»,-деди акциянын катышуучусу Фарида Алыбаева.