Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев буга чейин орус редакциялары тараткан маалыматтар бурмаланып кеткенин билдирип, тактоо киргизди.
“Кымбаттуу достор!Мамлекет башчысынын сөздөрүн туура эмес чечмелеген айрым учурларга байланыштуу төмөнкүдөй тактоо киргизем.
Президент Жапаров кыргыз тарап акцияга катышпаган жана жоопкерчиликке адилетсиз тартылып жаткан КРнын бардык жарандарын коргой тургандыгын жана алар үчүн катуу күрөшөрүн так билдирди.
Редакциялардан Президенттин сөздөрүн туура чечмелөөсүн өтүнөм”, – деди Султанбаев.