
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев учурда Нур-Султан шаарында. Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.
«Назарбаев Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп жатат. Ошондой эле консультациялык жолугушууларды өткөрүп, башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө», — деп жазды Айдос Укибай.
Буга чейин «Orda.kz» жалпыга маалымдоо каражатынын башкы редактору Назарбаев кыздары менен чогуу Казакстандан чыгып кеткенин билдирген.