Коронавирус 193 адамдан табылды, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 8-январга карата коронавирус 193 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында – 134;

Ош шаарында – 9;

Чүй облусунда – 11;

Ош облусунда – 4;

Талас облусунда – 6;

Нарын облусунда – 1;

Ысык-Көл облусунда – 4;

Жалал-Абад облусунда – 17;

Баткен облусунда — 7 адам.

Ал эми бир суткада 55 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 370 бейтап, амбулатордук түрдө 782 адам дарыланууда.